Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Алматы шаарында өткөн Борбор Азия аялдарынын Be Woman аттуу форумуна катышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Форумда аялдардын лидерлиги, гендердик зомбулук, дискриминация, заманбап ишкерлик жана башка маселелер талкууланган.
Иш-чарада Жаманбаева сөз сүйлөп, Кыргызстандагы аялдардын укуктары, гендердик теңчилик маселелери жөнүндө айтып берген.
Жаманбаева саясатта аялдар көп болгон өлкөлөрдө социалдык көйгөйлөргө жана аялдар менен балдардын укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген.
«Лидер аялдар уникалдуу башкаруу стилин алып келишет. Алар стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алып, логиканы чыгармачылык менен айкалыштырып, команда менен иштөөдө жана татаал сүйлөшүүлөрдө эмоционалдык интеллектти колдоно алышат. Аялдар шыктандырууну, команданы бириктирүүнү жана аны жалпы максаттарга жетүү үчүн ийгиликтүү алып барууну билишет», — дейт Жаманбаева.
Ал жүргүзүлгөн аракеттерге карабастан, аялдар дагы эле коомдо теңсиздикке жана зордук-зомбулукка кабылып жатканын билдирген.
Акыйкатчынын айтымында, ал өзү да дискримигацияга туш болуп келет.
«Мен да күн сайын дискриминацияга туш болом. Көбүнчө, жолдо рулда бара жаткан учурда. Мен өзүм жаш кезимден унаа айдап, ушул күнгө чейин, эркектердин басмырлоосуна кабылып келем», — деди ал.
Ал аялдар биргелешкен аракеттер менен өз укуктарынын сакталышына, тең укуктуулукка жетише аларын билдирген.