Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды
05.09.2023 | 11:14
Бишкекте шаар тургунунун унаасын “сатып берем” деп алып, алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, август айында милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл июнь айында бир жаран Toyota Camry унаасын “сатып берем” деп алып, алдап кеткен. Келтирилген чыгым 25 миң долларды түзгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы З.А. аттуу жаран кармалган.
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, шектүү жаран Toyota Camry унаасын башка бирөөгө сатып жиберген. Эки ай ичинде аталган унаа кайра сатылып отуруп, 4 жолу ээси алмашкан.
Учурда тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз