Акыйкатчы институту: Жыныс мүчөсү тилинген наристенин ата-энеси кулчулукта калган

Акыйкатчы институту: Жыныс мүчөсү тилинген наристенин ата-энеси кулчулукта калган

Кечээ, 5-февралда Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулуктагы жалпы дарыгерлик практика клиникасына барып, зомбулукка кабылган  1 жаш 8 айлык  наристеден кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, баланын атасы 25 жаштагы  К.Н менен сүйлөшүүдөн кийин белгилүү болгондой, Шопоков шаарынын тургуну, жумуш берүүчү 34 жаштагы С.А. наристени дайыма уруп-согуп келген. Ал гана эмес наристенин атасын бир нече жолу сабаган. Мындай мазактоолордун себебин ал өзүнүн жумуш берүүчүгө карыз болуп калганы менен түшүндүргөн. Карыздын айынан наристенин үй-бүлөсү кулчулукта калган. Наристенин атасы Акыйкатчы институтуна жазуу жүзүндө арыз менен кайрылды.  Арызга жумуш берүүчү С.А. тарабынан кордукка учураган мындан башка кишилер жана өспүрүм да болгону айтылган.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишпейт, ал эми башка аныкталган көйгөйлөр боюнча, атап айтканда анын эки баласын документтештирүүдө (туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга) жана баланын атасынын өзүнүн документтерин калыбына келтирүүдө укуктук жардам көрсөтүшөт.

Ошондой эле Аскат Азарбеков жабыркаган баланын 21 жаштагы апасы менен дагы сүйлөшкөн. Баланын апасы өз уулуна жумуш берүүчү С.А. тарабынан зомбулук болгонун моюнга алган эмес. Ал наристенин атасы менен эмес, шектүү С.А менен жашайт.

Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы айтылган. Анын ата-энеси кулчулукта калганы белгилүү болгон.

Акыйкатчы институту: Жыныс мүчөсү тилинген наристенин ата-энеси кулчулукта калган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>