Дүйнөнү ыйлаткан окуя. Мароккодогу 5 жашар баланын кудуктагы 5 күнү

Дүйнөнү ыйлаткан окуя. Мароккодогу 5 жашар баланын кудуктагы 5 күнү

Куткаруучулар Марокконун түндүгүндөгү кудуктун түбүнө түшүп, беш күндөн бери коркунучта калган баланын сөөгүн алып чыгышты. Бул иш-аракетти бүт дүйнө эли көз салып турду. Өтө кылдаттыкты, этияттыкты талап кылган оор аракет болду. Болбосо топурак түшүп кетмек. Бул туурасында Аль-Жазира телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, ишемби күнү мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу падышалык баланы куткарып жаткандар өспүрүмдү куткарып чыккычакты каза болгонун билдирди. Марокко падышасы Мохаммед VI баланын ата-энесине көңүл айтты.

«Райан Орамдын баласынын өмүрүн алган каргашалуу кырсыктан кийин Улуу Даражалуу Король Мохаммед VI кудукка түшүп каза болгон баланын ата-энесине телефон чалган«, — деп айтылат билдирүүдө.

Associated Press агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерден баланы куткаруу үчүн атайын казылган туннелден алып чыккандан кийин сары жуурканга оролуп жатканын көргөн.
Анын ата-энеси сөөк чыга электе тез жардамга жеткирилген. «Тез жардам» куткаруучулар казган терең чуңкурдан баланын сөөгүн алып кеткен.

Баланын тагдыры бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурду. Куткаруу иштери созулуп баратканда, дүйнөнүн булуң-бурчунан Райанды колдоо жана тынчсыздануу тууралуу онлайн билдирүүлөр келди.

Социалдык тармактарга жарыяланган фотовидеолордон анын денеси табылгандан кийинки окуяны көрүүгө болот, окуя болгон жерге чогулган жүздөгөн куткаруучулар жана көрүүчүлөр телефондорундагы фонарларын асманга жаркыратып кыйкырып жатышат.

Бул куткаруу чынында абдан оор болду. Эгерде бир катачылык кетип, “кылт” этсе эле баланы топурак басып калмак. Экскаватор айдоочулары менен куткаруучулар шейшемби күнү Чефчауэндин жанындагы дөңсөөлөрдөгү 32 метр тереңдиктеги кудукка кулап түшкөн беш жашар баланы куткаруу үчүн күнү-түнү иштешти.

Кудуктун туурасы үстү жагында болгону 45 см. болгон. Ал эми түбү кууш болгондуктан куткаруучулардын түз түшүүсүнө мүмкүн эмес эле. Кудук толугу менен көчүп, баланы топурактын арасында калып калуусу коркунучу абдан жогору болду. Бул иш-аракетти бүткүл маракколуктар үйүндө, алтургай кафе-ресторандарда топтошуп алып телевизордон түз көрүп, баланын аман-эсен куткарылып кетишине дуба кылып жатышты.

«Мен Райандын каза болгонун укканда абдан капа болдум. Ата-энелерге терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деди аталган өлкөнүн борбор калаасы Рабаттын тургуну Абдеррахим Сабихи.

Марокко медиасы Райандын кароосуз калган кудуктун түбүндө чөгөлөп жаткан сүрөттөрдү жарыялашкан. Жүздөгөн айыл тургундары ишемби күнү куткаруу операциясынын улантылышы тууралуу кабарды күтүп, жанында турушту.

Баланын тууганы Reuters телеканалына билдиргендей, үй-бүлөсү баланын жоголуп кеткенин угаар замат караңгыга карабай телефондун фонарлары менен ар кайсы тешиктерди карап, издөөгө алышкан. Ошол маалда кудуктан “мени куткарып чык, мени алып кет” дегенин угушкан.

Чефчауен адырлуу аймак болгондуктан кышында абдан суук. Балага тамак-аш, сууну, кычкылтекти атайын түтүк аркылуу берип жатышты… Бирок, аман алып кала алышкан эмес…

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>