«ИИМ кызматкеримин» деп акча опузалагандар кармалды (видео)

«ИИМ кызматкеримин» деп акча опузалагандар кармалды (видео)

Өзүлөрүн «Ички иштер министрлигинин кызматкерибиз» деп тааныштырып жарандардан акча опузалагандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комтетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган топто 6 адам болгон. Шектүүлөр бир жаранды кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, ошондой эле интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду чыгарабыз деп шантаж кылып, 300 миң сом талап кылышкан.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

8-августта негизги шектүүлөр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылып алынган.

Учурда аталган топко кирген башка адамдарды издөө иштери жүрүүдө .

УКМК шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдарды (0312) 66 04 75 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>