Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Акылбек Жапаров байлыктарын ачыкка чыгарды
06.12.2021 | 17:15
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 815 357 миң сом киреше тапкан. Аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Бул туурасында Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн.
Чыгымдары жана башка мүлктөрүн ачыктаган жок. Ал эми жакын туугандары өткөн жылы 96 миллион 745 миң 719 сом пайда тапкан. Алар беш контейнер жана жети автоунаага ээлик кылат:
Контейнерлери:
- 22,7 чарчы метр,
- 1026,
- 192,
- 1021,7,
- 67,6.
Автоунаалары:
- Mercedes-Benz 210,
- Mercedes-Benz 410,
- Mercedes-Benz 409,
- Mercedes-Benz 208,
- Mercedes-Benz 811,
- Mercedes-Benz 7100,
- Mercedes-Benz 308.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат