Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдин кышка даярдыгын текшерди

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдин кышка даярдыгын текшерди

Бүгүн, 6-ноябрда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров борбордогу ЖЭБдин 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Ал ошондой эле энергетиктерге жылуулук мезгилин үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертти.

Министрлер кабинетинин төрагасы ЖЭБдин негизги агрегаттарын, көмүр сактоочу кампаны көрүп чыгып, жарандардын үйлөрүнө жылуулук берилгенден кийин тиешелүү түзүмдөр күчөтүлгөн режимде иштеши керектигин белгиледи.

Ал Энергетика министрлигине, ӨКМге, Бишкек мэриясына, ошондой эле башка тиешелүү мамлекеттик органдарга ЖЭБде жана башка электр энергиясы менен камсыздоого катышкан жерлерде авариялык кырдаал болгон учурда ыкчам чара көрүү тобун аныктоону тапшырды.

 «Өзгөчө кырдаалдарга жол берилбеши керек, биз ар дайым бир кадам алдыда болушубуз керек. Синоптиктер ноябрдын аягына чейин жылуу аба ырайы болот деп болжолдошууда, биз бардыгын кайрадан текшеришибиз керек. Станцияга 60 жылдан ашты, андыктан ар бир техниканы колдонсоңуз, мүмкүн болгон максималдуу авариялык резервди даярдашыңыз керек, ар кандай кырдаалдарга даяр болушуңуз керек», — деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында быйылкы күз-кыш мезгилинде жылуулук 31-октябрдан тарта бериле баштаган. Ош шаарында жылытуу мезгили 4-ноябрда башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>