Кыргызстандын түштүгүндө дагы төрт мамлекеттик дарыкана ачылды

Кыргызстандын түштүгүндө дагы төрт мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн, 6-ноябрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшаналиев Кыргызстандын түштүгүндө төрт мамлекеттик дарынкананын ачылышына катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик дарыканалар Кызыл-Кыя жалпы дарыгердик практикалык борборунун, №5-6-7-9-10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында, Үч-Коргон ЖДПБда, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында жана Ноокат районунда ачылды.

Мамлекеттик дарыканада жеке жактарга салыштырмалуу дары-дармектер арзан баада сатылат. Мындан сырткары баа саясатын туруктуу камсыздоо, калк муктаждыгына жараша жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатын көздөйт.

Эске салсак, “Эл-Аман” мамлекеттик дарыканалары өлкө аймагы боюнча жер-жерлерде ачылып жатат.

Кыргызстандын түштүгүндө алгачкы 4 мамлекеттик дарыкана ачылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>