Акылбек Жапаров жана депутаттар «Кумтөргө» барышты — сүрөт

Акылбек Жапаров жана депутаттар «Кумтөргө» барышты — сүрөт

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту.

«Эл өкүлдөрүнө ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды өндүрүүнүн технологиялык чынжырчасынан уурдоо жана алтынды кенден тышкары уруксатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди», — деп айтылат маалыматта.

Ишкананын жетекчилиги, алтындын ар бир граммы көзөмөлдө экенин белгилеген.

2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>