Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар жаайт

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар жаайт

Бүгүн, 22-август күнү Кыргызстандын аймагында абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 20…25⁰,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9⁰, күндүз 18…23⁰,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17⁰, күндүз 24…29⁰, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 21…26⁰,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2⁰, күндүз 12…17⁰,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11⁰, күндүз 18…23⁰,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7⁰, күндүз 19…24⁰, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6⁰, күндүз 10…15⁰, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7⁰, күндүз 3…8⁰ка чейин төмөндөйт.

Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>