Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенин текшерди

Акылбек Жапаров Кара-Кече көмүр кенин текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, Кара-Кече көмүр кенинин ишин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти.

«Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Сиздерге белгилүү болгондой, ушул жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Бүгүнкү күндө Кара-Кечеде инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл», — деди Жапаров. 

Андан соң көмүр казуучу компания өкүлдөрү иштин шартын жеринде жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Мындан тышкары, көмүргө карата баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>