Пабло Пикассонун 1932-жылы тарткан сүрөтү 139 млн долларга сатылды

Пабло Пикассонун 1932-жылы тарткан сүрөтү 139 млн долларга сатылды

Белгилүү сүрөтчү Пабло Пикассонун 1932-жылы тарткан «Сааты бар аял» сүрөтү 139 млн долларга сатылды. Бул тууралуу BBC жазды.

Аталган сүрөттө франциялык модель айым Мария-Тереза Вальтер тартылган. Буга чейин бул сүрөт искусство чыгармаларын чогулткан Эмили Фишер Ландауга таандык болгон. Ал сүрөттү 1968-жылы сатып алган. Кийин сүрөттү аты белгисиз адамга сатылган.

Аукционго коюлар алдында сүрөт 120 млн долларга бааланган. 139 млн долларга бааланган «Сааты бар аял» сүрөтү Пикассонун эң кымбат сатылган экинчи сүрөтү болуп калды.

Пабло Пикассонун аукциондо сатылган эң кымбат сүрөтү «Алжирдин аялдары» деп аталат. Сүрөт 2015-жылы 179,3 млн долларга сатылган

Пикассо 1881-жылы Испаниянын Малага шаарында туулуп, Барселонада өсүп-чоңойгон. 1904-жылы ал Парижде көчүп кеткен. Пикассо — XX кылымдагы эң таанымал сүрөтчүлөрдүн бири. Ал 92 жашында каза болуп, өмүрүнүн аягына чейин 150 миң чыгарма жараткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>