«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору бааладыКыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилди
Акылбек Жапаров ооруганына карабастан жыйынга келди
29.04.2022 | 16:15
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруп жатканына карабастан кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына келди. Бул туурасында журналист Айжан Омолдошева социалдык тармакка жазды.
“Ооруканда дарыланып жатканына карабай, Акылбек Үсөнбекович кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына келди. Демейде жадырап жайнап баарыбыз менен учурашканды бүгүн да унуткан жок. Өңүнөн ооруп атканы көрүнүп турса да сыр бербей жыйынга катышып жатат. Демек мамлекеттин кызыкчылыгын Акылбек Жапаров өзүнүн ден соолугунан бийик коет. Аз убакытка гана дарыгерден уруксат алып келиптир көрсө” – деп пикирин билдирген.
Анын жүрөгүнөн жапа чегип Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жатканы кабарланган болчу.
