Бишкек: Аялы менен чырдашып кеткен мырза терезеден жардам сурап кыйкырды

Бишкек: Аялы менен чырдашып кеткен мырза терезеден жардам сурап кыйкырды

Баш калаадагы үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам эркек киши терезеден жардам сурап кыйкырды. Бул туурасында Бишкектин Биринчи Май райондук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 27-апрель күнү Тоголок Молдо көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Айтылган дарекке ыкчам топ барып, аялы менен күйөөсүнүн ортосунда үй-бүлөлүк чыр чыкканы маалым болгон.

А.Ш. аттуу аялдын айтымында, ал жолдошу Ш.А. менен 10 жылдан бери чогуу жашап келет, алардын ортосунда 2 жашар наристеси бар.

Ошол күнү келин кызы менен төркүнүнө барайын деп камданып жатканда күйөөсү каршы болуп, үйдө калуусун айтып, кызын көтөрүп алып чыр чыгарган. Мындан улам аялы менен күйөөсүнүн ортосунда пикир келишпестик чыккан. Күйөөсү терезени ачып, көчөдөн өткөндөрдөн жардам сурап кыйкырып, өзүнө көңүл бурдурган. Чатактан кийин келин жакындарына баруу оюнан кайтып, отуруп калган. Күйөөсү жардам сурап кыйкырып жатканда күбөлөрдүн бири милицияга кабар берген.

Бул факты каттоого алынып, алдын ала текшерүү иштери башталган», — дешти маалымат кызматынан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>