Акылбек Жапаров салык кодекси боюнча үн катты

Акылбек Жапаров салык кодекси боюнча үн катты

Салык кодекси көмүскө экономика өкүлдөрү үчүн нааразылыгын жаратпай койбойт. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24.kg басылмасына маек берип жатып билдирген.

Оңой жана кыйынчылыксыз реформа болбойт. Ар кандай реформалар каржылык агымдарды жөн гана алып келбейт,  керек болсо нааразылыктарды да жаратат. Бул көмүскө экономиканын өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратпай койбойт. Реформалардын азаптуу жана көп учурда карама-каршылыктуу болушу кадыресе көрүнүш. Ал эми жүргүзүлүп жаткан реформалардан көз ирмемде, тез жыйынтыктарды күтүүнүн кереги жок. Мунун баары илгери эле жасалышы керек болчу. Азыр ишке ашырабыз деп жаткан өзгөртүүлөрүбүз алты ай, бир жылда толук кандуу иштей баштайт. Жөжөнү күздө санайт дегендей, мына ошондо жөжөнү санайбыз” – деп билдирген.

Жаңы салык кодексине президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, жылдык товар жүгүртүүсү 8 млн. сомго жетпеген ишкерлер салыктан бошотулган. Бирок, ар бир товар кассалык аппараттан өтүп, көзөмөл күчөөрү айтылган. Ал эми буга каршы тарап кассалык аппарат түшкөн кирешеге эмес, товардын жалпы баасынан төлөнүп калса, пайда түшпөй калат деп нааразы болушууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>