Өрт коопсуздугу сакталбаган лицейге айып салынды

Өрт коопсуздугу сакталбаган лицейге айып салынды

Борбор калаадагы №3 кесиптик лицейге айып салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин ӨКМге караштуу Өрт көзөмөл боюнча кызматты өрттүн алдын алуу жана болтурбоо боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында лицейде өрт коопсуздук эрежелерин сакталбагандыгы аныкталып, суу жеңчелерин, түтүктөрүн, өрт өчүрүүчү каражаттарды калыбына келтирүү үчүн 30 күндүк убакыт беришкен.

Жогоруда аталган кызматтын адистери убакыт берилгенине карабастан, кайрадан көзөмөлдөө учурунда берилген эскертүүлөр аткарылган эмес. Мындан улам 24-майдагы текшерүүнүн негизинде мыйзамга ылайык 23000 сом айып пул салынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>