Англияда өзгөчө жаңы кызмат пайда болду

Англияда өзгөчө жаңы кызмат пайда болду

Англияда анимациялык «Симпсоны» сериал мультфильмин көрүп, анализдеп чыгуу үчүн ваканттык орун PlatinCasino сайтына жарыяланды.

Сайттагы маалыматтарга караганда, аталган чыгарма буга чейин келечек жөнүндө  табышмактантып айткандары жашыруун деле болбой калды. Керек болсо президенттик шайлоону, пандемияны да айтты. Эми бул жагдайды изилдеп көрүүнү чечкен.

Жаңы кызматкер, анимациялык чыгарманы толугу менен көрүп, саясий жана социалдык учурларын чыныгы жашоого таасир этүү жактарын анализдеп бериши керек.

Жумасына 36 саат убактысын сарптоо менен 284 серияны анализдеп чыгуусу каралган. Ошондой эле жашы 18 ден жогору болуусу кажет, айлык-акысы 6 миң долларга жакын. Интернети жана таттуу-тарапасынан бери компания камсыздап берет.

АКШдагы Капитолия имаратындагы чабуулду 1996-жылы көрсөткөн, чыныгы жашоодо 2021-жылы январь айында болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>