Жапония Кыргызстанга компьютердик томография берет

Жапония Кыргызстанга компьютердик томография берет

Жапония Кыргызстанга медициналык аппараттар менен жардам көрсөтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров министрлер кабинетинин төрагасы баштаган делегациянын Японияга болгон иш сапарында эки өлкөнүн кызматташуусунун алкагында заманбап акыркы үлгүдөгү медициналык аппараттарды алуу демилгесин көтөргөн.

26-январда эл өкүлү Талайбек Масабиров, Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Жапониянын “Сансей” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда медициналык кызматташуу тууралуу сөз болуп, жаңы келишимдерге кол коюлду.

Маалым болгондой, диагностикалык мобилдик көчмө (компьютердик томография) клиникасы жакынкы күндөрү Кыргызстанга алынып келинет.

Депутат Талайбек Масабиров аталган иштерге жакындан жардам көрсөтүп жаткан Жапония парламентинин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргызстан менен достук лигасынын башчысы Ген Накатаниге ыраазычылык билдирди.

Алынып жаткан аппараттар бир жылдык пилоттук программанын негизинде Кыргызстандын алыскы аймактарында иштетилип, жыйынтыгында кол коюлган меморандумдун негизинде кайтарымсыз грант катары Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылып берилет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>