Акжол Махмудов «Ош облусунун ардактуу атуулу» болду

Акжол Махмудов «Ош облусунун ардактуу атуулу» болду

Акжол Махмудовго «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, облус башчысы Зиядин Жамалдинов балбан Акжол Махмудов менен анын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алган.

Жолугушууда Жамалдинов Махмудовду эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып жаткан жеңиштери менен куттуктап, «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамы жана акчалай сыйлык тапшырган. Ошондой эле, машыктыруучусуна да Ардак грамота жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

Акжол Махмудов Олимпиада жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнөнүн бир жана Азиянын эки жолку чемпиону, бир катар ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>