Каныбек Иманалиев президенттин командасына кантип келгенин айтты  

Каныбек Иманалиев президенттин командасына кантип келгенин айтты  

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин карап, жактырышты.  

Жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиев министр кызматына талапкер Каныбек Имананалиевге: “Садыр Жапаровдун командасына өз ыктыярыңыз менен келдиңизби же кандай болду?” деген суроо узатты.

Каныбек Иманалиев саясат бул конкуренция экенин айтты.

“Улуу Британиянын мурунку премьер-министри аял киши эле (ред — Маргарэт Тэтчер), ал парламентте лидер болуп жүрүп, убагында Улуу Британияда падышалык институтту жок кылыш керек деген демилге көтөргөн. Тагдыр ушундай болду, падыша өзү келип, “сен премьер-министр бол, Министрлер кабинетин түз” деп сунуштады.

Мен шайлоодо оппонент болгонумдун себеби парламентаризмди колдоо болгон. Элдин чечимин сыйлаш керек. Эл президенттик-парламенттик жолду тандады. Биз кыргыз жигиттери – бул үчүн Садыр Нуркожоевичке рахмат, биз жеке кызыкчылыктарды аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук. Ар бир саясатчынын амбициясы бар, бирок Конституциянын бузулбастыгы, мамлеккеттин бүтүндүгү, улуттун кызыкчылыгы турган жерде жеке амбиция төмөн турушу керек. Ошон үчүн барыбыз бир командабыз”, — деди Каныбек Иманалиев.

24-февралда Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Садыр Жапаров 25-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевди кабыл алган.

Иманалиев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>