«Аль-Каида» башчысын жок кылууга Кыргызстандын катышы жок

«Аль-Каида» башчысын жок кылууга Кыргызстандын катышы жок

«Аль-Каида» террордук уюмунун башчысы Айман Завахирини жок кылууда колдонулган дрон Кыргызстандан учурулган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинен билдиришти.

Буга чейин айрым чет элдик ММКлар, анын ичинде Пакистандагы басылмалар америкалык медиаларга шилтеме келтирип, Айман Завахирини өлтүргөн дрон Кыргызстандагы «Манас» аэропортунун жанындагы мурдагы америкалык «Ганси» базасынан учурулганын жазып чыгышкан.

Элчилик бул маалымат жалган экенин билдирип, аталган база Кыргызстандан 2014-жылы эле чыгарылганын белгилеген. Аны менен бирге «Манас» аэропортунун аймагында америкалык же башка чет элдик аскерлер жок экенин билдирген.

Эскерте кетсек, «Аль-Каида» террордук уюмунун башчысы Айман Завахири жок кылынганы тууралуу АКШ президенти Жо Байден билдирген.

Айман Завахири өткөн жекшемби күнү, 31-июлда Кабулдагы жашынып жүргөн үйүнүн балконунда турганда өлтүрүлгөн. Аны жок кылуу үчүн учкучсуз учуучу аппараттар колдонулган. Бул операциянын жүрүшүндө үйдө жүргөн Завахиринин туугандары, айланадагы жай тургундар жабыкаган эмес.

Завахири 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда жасалган террордук чабуулдун уюштуруучусу деп табылган. Ошондон бери издөөдө жүргөн. Ал «Аль-Каиданын» башына, 2011-жылы террордук уюмдун мурдагы башчысы Усама бен Ладен жок кылынгандан кийин келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>