Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Быйыл жарым жылда өлкөдө 823 өрт кырсыгы катталган
07.08.2022 | 09:48
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйылкы жарым жылда болгон өрт кырсыктары, өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымат берди.
Быйыл жарым жылда Кыргызстанда 823 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 39,2%га азайган. Өрттүн айынан 227 млн сом материалдык чыгым келтирилген (былтыркыга караганда 36,7%га аз).
Быйылкы жылдын алты айында 38 адам сууга чөгүп каза болгон. Ал эми былтыр сууга чөгүп каза болгондордун саны 62ни түзгөн.
Андан сырткары алты айда 47 өзгөчө кырдаал катталып, өткөн жылга салыштырганда 51,5%га көбөйгөн. Алардын 22си сел каптоо болгон. Өзгөчө кырдаалдан келтирилген чыгым 382 млн 788 миң сомду түзгөн (былтыркыга караганда 73,1% га аз).
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом