“Ала-Арча” паркы бизнес борборуна айланып бара жатат, — депутат

“Ала-Арча” паркы бизнес борборуна айланып бара жатат, — депутат

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Ишеним” фракциясынын депутаты Русланбек Жакышев “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркын текшерүүнү сунуштады.

Анын айтымында, ага Бишкек шаарынын тургундары кайрылышкан.

“Мага Бишкек шаарынын тургундары кайрылып жатат. Мындай күн ысып жатканда алар “Ала-Арча” паркына кирүүгө мүмкүн болбой калганын айтышууда. Паркка кирүү акысы жеңил унааларга 500 сом, кичи автобустарга 1000 миң сом, ал эми автобустарга 2000 сом экенин айтышты. Аны төлөп киргени менен отурага турган жерлердин баары коммерциялык багытта ижарага берилип кеткенин жана “Ала-Арча” паркы көңүл ачуучу же бизнес борборуна айланып бара жатканын айтышты. Ошондуктан паркты ревизия кылуунун сунуштайм”, — деди депутат.

Ошондой эле, ал парктын айланасында даараткана, таштанды таштоочу укөкчөлөр жана унаа токтотуучу жайлар жетишсиз экенин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ала-Арча

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>