Ала-Букада кен казган ишканада уурулук жасалды. Шектүү катары 3 күзөтчү менен 2 жаран кармалды

Ала-Букада кен казган ишканада уурулук жасалды. Шектүү катары 3 күзөтчү менен 2 жаран кармалды

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда уурулукка шектелип 5 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 12-мартка караган түнү Ала-Букадагы кен казган ишкананын кампасынан 240 миң сомдук 6 даана жез зымынын түрмөгү уурдалган. Бул боюнча ишкананын юристи милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары Ала-Бука районунун 35 жаштагы Ч.С., 29 жаштагы Ж.К. аттуу тургундарын жана кен казган ишкананы кайтарып иштеген жеке күзөт кызматынын 44 жаштагы Б.Г., 39 жаштагы К.К., 27 жаштагы Ж.Б. аттуу кызматкерлерин кармаган. Алардын бөгөт чарасы 17-мартта Ала-Бука райондук сотунда каралып, бардыгы үй камагына чыгарылган.

Тергөө учурунда, жеке күзөт кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп алып, аларды түн ката унаа менен посттон алып өтүп уурулукка көмөктөшкөнү аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Милиция ишкерлерге объекттерди кайтарууда ИИМдин Күзөт кызматынын бөлүмдөрү менен иштешүүнү сунуштайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>