Ала-Букада таштандыдан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүлө баштайт

Ала-Букада таштандыдан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүлө баштайт

Жалал-Абаддын Ала-Бука айылында таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод ишке берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын ачылышы 26-ноябрда болуп өткөн. Бул ишкананын курулушу облустун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 18 млн 540 миң сом бөлүнгөн. Ага катар жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом жана 8 гектар жер берилген

Бул чакан ишкана Ала-Бука жана ага коңшу айылдардан, эки тоо кен компаниясынан чыккан таштандыларды кайра иштетет. Андан жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>