Кыргыз-Азербайжан алакасын чыңдоо үчүн кол коюлган документтер

Кыргыз-Азербайжан алакасын чыңдоо үчүн кол коюлган документтер

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында 11-октябрда, кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргызстан менен Азербайжандын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Азербайжандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Азербайжандын Өкмөтүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы;

— Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонду менен Азербайжандын Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

— Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Азербайжандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана өз ара түшүнүшүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжандын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Азербайжандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) менен Баку шаарынын (Азербайжан Республикасы) ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>