“Ала-Тоо” аянтында 7 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

“Ала-Тоо” аянтында 7 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында 7 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышты.

Билдирүүгө таянсак, окуя Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Жабыркаган унаалардын ичинде Бириккен улуттар уюмунун унаасы дагы бар. Ал эми кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.

Милициянын кайгуул кызматы, учурда кырсык болгон жерде тийиштүү иштер жүрүп жатканын кабарлашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>