Алай: Кордук көргөн үч жашар балага медэкспертиза дайындалды

Алай: Кордук көргөн үч жашар балага медэкспертиза дайындалды

Ош облусунун Алай районунун Сары Могол айылынан үч жаштагы балага медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Бала 27-июнь күнү эртең менен жергиликтүү ооруканага тез жардам бөлүмүнө жаткырылган.

«Кашка-Суу айылынын 40 жаштагы тургуну 33 жаштагы жубайы менен эки жыл мурун Сары-Могол айылына көчүп келип, батир алып жашап келишкен. 2022-жылдын 6-мартында баланын энеси 22 жаштагы сиңдисин карап көрүүнү суранып, уулун таштап кеткен бойдон дайынсыз жоголгон», — деп айтылат РИИБдин маалыматында.

Бала мезгил-мезгили менен зомбулукка кабылып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, 24-июнда жакындары баланы сабап салышкан. Көк-ала жана башка жарааттарына карабай дарыгерлерге көрсөткөн эмес. Баланын сабалганын байкаган кошуналары телефон аркылуу социалдык кызматкерлерге кабарлашкан. Баланы көргөн социалдык кызматкерлер дароо ооруканага алып келишкен. Азыр райондук социалдык камсыздоо бөлүмү баланын документтеринин бар-жогун тактоо иштерин жүргүзүүдө. Керектүү экспертизалардын баары дайындалды», — деп билдиришти милициядан.

Чоң-Алайда 3 жашар баланын тай жагы дайым сабап турганы ачыкталды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>