Чүйдө ата-бала айылдашынан акча опузалоого шектелип кармалды

Чүйдө ата-бала айылдашынан акча опузалоого шектелип кармалды

Чүйдүн Ысык-Ата районунда ата-бала айылдашынан опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 37 жаштагы М.А. аттуу жаран райондук милицияга кайрылып, белгисиз адамдар күч колдонуп 2 миң доллар акча опузалаганын билдирген.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 21 жаштагы Л.Ш., 19 жаштагы А.И. жана 47 жаштагы Л.Ш. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алардын баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралып, 21 жаштагы Л.Ш. жана 47 жаштагы Л.Ш. аттуу тергөө абагына камакка алынган. Ал эми 19 жаштагы А.И.ге карата эч жакка кетпөө түрүндө бөгөт чарасы тандалып, камактан бошотулган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>