«Ансыз деле соода жок». «Аламүдүн» базарынын ишкерлери митингге чыгышты (видео)

«Ансыз деле соода жок». «Аламүдүн» базарынын ишкерлери митингге чыгышты (видео)

Бүгүн Аламүдүн базарынын соодагерлери контролдук-кассалык аппараттардын киргизилишине каршы митингге чыгышты.

Нараазычылык акциясына «Таатан», «Азиз» жана «Чынар» базарларынын сатуучулары дагы кошулду.

«Азыр базарлар кризисте, соода жок. Бизге ансыз деле кыйын болуп жатат. Андыктан патентти калтырып койсун. Азыр өкмөт жада калса бала бакчадагы балдардын тамагын төлөөдөн баш тартууда. Бул эмне деген жоопкерчиликсиздик? Эл эч нерседен коркпойт. Өз оюбузду айтып чыгыш — биздин Конституциялык укугубуз. Эгер ушун үчүн эле камай турган болсо, анда бул өкмөткө суроо жок», — дейт сатуучулар.

Белгилей кетсек, 30-ноябрь күнү Бишкектеги үч базардын ишкерлери иш таштады. «Дордойдун» соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылса, «Мадина», «Орто-Сай» соода түйүндөрүнүн ишкерлери контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылыгын айтышты.

Эскерте кетсек, жаңы жылдан тарта ишкерликтин 12 түрүнө патент жоюлат. Соодагерлер бирдиктүү салык режимин тандап, кассалык аппараттарды орнотушу зарыл. Өлкөдө патент менен ишкердик кылгандардын 69 түрү бар.

Бирдиктүү салык тартибине ылайык жылдык киреше 8 миллион сомго жетпесе, салыктан бошотулат. 30 миллион сомго чейин жүгүртсө 0,5% менен салык төлөшөт. 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейинки каражатты айлантса 1% менен төлөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>