Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Аламүдүндө 29 жаштагы Болобек Дайырбек уулу изделүүдө
11.02.2022 | 09:27
Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 29 жаштагы Болобек Дайырбек уулун издөөдө. Ал 24-январь күнү Аламүдүн айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келе элек. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилери: бою 168-170 сантиметр, арыкчырай, чачы кыска кара, бети кара, каштары биригип турат, көздөрү кара.
Кийген кийими: кочкул көк түстөгү куртка, капюшону ак тамгалар менен көк фуфайка, кочкул көк спорттук шым, бутунда кара аляска өтүк.
Изделип жаткан адам тууралуу билгендер болсо милицияга төмөндөгү номерлер аркылуу кабарлаңыздар: 0312363527, 0550343363, 0504772277.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом