Алдамчылыкка шектелип 48 жаштагы киши кармалды

Алдамчылыкка шектелип 48 жаштагы киши кармалды

Алдамчылык боюнча шектүү адам кармалды. Бул тууралуу, бүгүн 10-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ош шаарынын алдамчылык иш-аракеттерден жапа чеккен тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Анын айтымында 2016-жылдын июнь айында  Ош облусунун тургуну менен унаа  алуу-сатуу келишимин түзүшкөн. Сатуучу өзүнүн Toyota Previa унаасын 180 миң сомго баалаган. Сатып алуучу калган сумманы бир айда берем деп, 50 миң сом төлөгөн.

Бирок, сатуучу  акчаны ээсине кайтарбастан, унааны башкаларга сатып жиберип, из жашырып кеткен.

Бул факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен катталган.

Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү Ноокат районунан кармашты. Бул 1973-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран болуп чыкты. Кармалган адам ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>