Президент министр менен энергетика тармагын талкуулады

Президент министр менен энергетика тармагын талкуулады

Энергокызматтар өлкө керектөөчүлөрүн электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн иш жүргүзүүгө даяр. Бул пикирин энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев өлкө башчы менен болгон энергетикалык коопсуздукту чыңдоо чараларын талкуулап жатып билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды.
Жолугуушуда керектөөчүлөрдү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана өнөржай потенциалын көтөрүү боюнча чаралар талкууланды.

Ошондой эле энергокубаттуулукту генерациялоону арттыруу жана энергиянын кайра жаратуучу булактарын өнүктүрүү максатында азыркы жана алдыдагы мезгилде атамекендик энергосистеманын иштөө режими, республиканын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Министр Кубанычбек Турдубаев жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу жана жалпы эле энергетика тармагы менен өнөржайды өнүктүрүүнүн келечеги боюнча милдеттердин ишке ашырылып жаткандыгын маалымдап, энергокызматтар өлкө керектөөчүлөрүн электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн иш жүргүзүүгө даяр экенин белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>