Абайлагыла! Бишкекте жасалма документ менен жарандардан акча талап кылган шылуундар пайда болду

Абайлагыла! Бишкекте жасалма документ менен жарандардан акча талап кылган шылуундар пайда болду

Бишкек шаардык мэриясында иштейбиз деп жасалма документтерди көтөрүп алып, жарандардан акча талап кылгандар пайда болду. Алдамчылардын курмандыгына айланган жарандар Бишкек мэриясына кайрылышкан.

Калаа бийлиги мындай шылуундардан абайлоого чакырат.

«Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, кызматкерлери тарабынан коомдук желелерде жана мессенджерлерде белгисиз адамдар пайда болуп, вице-мэрлердин жалпыга жеткиликтүү болгон сүрөттөрүн колдонушат жана ар кандай шылтоолор менен (жабдууларды сатып алуу, гуманитардык жардам көрсөтүү ж.б.) каражат которууну суранышат. Мындай шылуундарга алданып калбоо керек», — жеп жазылат маалыматта.

Урматтуу кыргызстандыктар! Бишкек шаарынын мэриясы буга чейин мындай акча чогултуу менен алектенген эмес. Сак болгула! Расмий булактардагы маалыматты текшериңиз! Алдамчылык фактысы аныкталса, тез арада полицияга кайрылыңыз: 102.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>