Израиль согушка көз каранды болуп калды — Режеп Тайип ЭрдоганТерек–Чаты–Терек жана Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолдорунда кыймыл калыбына келтирилдиОш шаарынын мэри жаңы суу түтүгүнүн курулушун тездетүүнү тапшырдыКыргызстан менен Франциянын ӨКМдери биргелешкен тоо-куткаруу машыгууларын өткөрүштү5-июль: Кыргызстанда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, +34°Cге чейин ысыйтБаткендеги ооруканага коюлган жардыруучу зат тууралуу маалымат жалган болуп чыкты — облустук ИИБ
Алгачкы ирет Месси жана Роналду ЧЛнын чейрек финалына чыкпай калды
11.03.2021 | 10:32
Месси жана Роналду Чемпиондор лигасынын ¼ финалына 2004/2005-жылдагы сезондон бери алгачкы ирет чыкпай калды.
11-мартка караган түндө “Барселона” эки оюндун жыйынтыгы (1:4, 1:1) менен “ПСЖ” командасына 1/8 баскычта жеңилди.
Ал эми 10-мартта “Ювентусда” Чемпиондор лигасындагы “Португа” эки беттештин жыйынтыгы (1:2, 3:2) менен жеңилип, чейрек финалга чыкпай калды.
Мындан улам, каталониялык клубдун чабуулчусу Лионель Месси жана туриндик команданын лидери Криштиану Роналду турнирден 1/8 финалда четтеп калышты.
Мындай көрүнүш алгачкы ирет 2004/05-сезондо болгон. Анда Месси ойногон “Барселона” 1/8 финалда “Челсиге” жеңилсе, Роналдунун “Манчестер Юнайтедди” эки беттештин жыйынтыгы менен “Миланга” утулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт