Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыСи Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
Алматы мэрине кол салуу маалындагы видео тарады
18.01.2022 | 17:01
“НеХабар” басылмасы Алматы шаарынын акимине кол салуу учурун чагылдырган видеону жарыялады.
6-январда Алматынын акиминин кортежи, анын ичинде акимчиликтин кызматкерлери жана “Алматы” телеканалы оператору видео тартуу үчүн чогуу жүрүшкөн.
Айрым маалыматтарга караганда, ок чыгарылган аймакта эч ким жоктугу кабарланып, аймак таза экени айтылган.
Автоунаалар Аль-Фараби проспектисинен Назарбаев тарапка түшүп келе жаткан учурда жүргүнчүлөргө ок атылган.
Атылган октун кесепетинен спорт бөлүмүнүн башчысы, дин башкармалыгынын башчысы, шаар акиминин айдоочусу, “Алматы” телеканалынын оператору жабыркаган.
Окуя учурунда Алматы телеканалынын айдоочусу каза болгон.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар