Алматыга качып келген орусиялык мигранттардын жашоосу

Алматыга качып келген орусиялык мигранттардын жашоосу

Алматы шаарында Орусиядан качкан эркектер үчүн баш калкалоочу жай ачылды, деп жазат Orda.kz басылмасы.

Атайын жай катары ачылган эки кабаттуу үй Алматынын четинде жайгашкан. Ал март айынан бери согуштан жана мобилизациядан качкан орусиялыктарга жардам көрсөтүү максатында иштеп жатат. Эки кабаттуу үйдүн ээси имаратты арзан баага ижарага берген.

Баш калкалоочу жайдын координатору Илья 25-сентябрда Казакстанга келип, ошол замат жумуш да, баш калкалоочу жай да тапкан. Азырынча ал Алматыдан кетпейт. Анткени чет элдик паспортун күтүп жатат. Орусиянын консулдугунда кезек миң адамга жетет.

Эки кабаттуу үйдө эки уктоочу бөлмө, ашкана жана конок бөлмөсү бар. Анда 15 адам жашайт. Экинчи баш калкалоочу жай 20 мүнөттүк аралыкта жайгашкан. Бул жаңы жана кенен жер, ал 20 кишиге ылайыкташкан, алар эртең мененки, түшкү жана кечки тамакты чоң ашканада ичишет.

“Биринчиден биз бир гана активисттерге эле эмес,  «криминалдан», «административдик кызматтан» качып келгендерге жардам беребиз, бирок андайлар анчалык деле көп эмес. Кандай болгон күндө да биз баарына жардам бере албайбыз. Кээ бир адамдар учуу убактысына чейин турак-жай издеп жүргөндө келишет», — дейт Илья.

Орусияда митингдерге катышкан Иван

Иван 33 жашта, ал Москвада жашачу, бирок Самарадан Казакстанга кеткен. Чек арадан кезексиз өткөргөн кыргыз номурлуу кичи автобустун билети 60 миң рубль болсо, агасы экөө 20 миң рублга арзандатып алышкан. Бир тууганын карыздан улам чек арадан өткөрбөй коюшкан, ал ошол бойдон калган. Азыр ал Россияда аскер комиссариатынын кызматкерлеринен жашынып жүрөт.

«Москвада мен бир нече жолу митингдерге чыккам. Өткөн жайда ОМОН менин кабыргаларымды сындырышкан. Мен жол бойлоп басып, алардын унааларын телефонго тартып алгам. Натыйжада алар менин аркаман келип, мени союл менен сабап башташкан», — дейт Иван.

Азыр Иван IT тармагына байланыштуу жумуш издеп жатат. Учурда үй-бүлө мүчөлөрү Европага туруктуу жашоого кетүүгө документтерди даярдоодо.

Чек арада чатырда түнөгөн Дэн

Дэн Москвада бармен болуп иштечү. Мобилизация жарыялангандан кийин ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

“Астраханга поезд билеттерин сатып алдык. Мен чоң энем менен коштошуу үчүн Владимир облусуна барып, Москвага кайтып келдим, жылуу кийимим жок болгондуктан, ал жактан кышкы куртка сатып алып, 26-сентябрда түштүккө жөнөдүм», — дейт Дэн.

Бирок, алар Астраханга жетпей эле түшүп калышкан. Алты чакырымдык тыгынды жөө басып өтүшкөн. Алар тоңуп калбаш үчүн чек ара бекетине чатыр тигишкен¸ бирок бул үчүн аларга административдик айып пул саларын дагы айтышкан. Чек арага жакын аймакка журналисттер келет деген кеп тараганда чек арачылар кезекти тезирээк өткөрүп башташкан. Буга чейин кечки саат 22:00дөн таңкы 8ге чейин 15 адам өткөрүлсө, окуядан кийин адамдарды дароо өткөрө баштаган.

Ал Алматыда калгысы келбейт. Жакынкы күндөрү ал Индияга учуп кетет жана ал жакта жок дегенде бир жыл калууну пландоодо.

Келечекке пландар 

Алматыдагы баш калкалоочу жайлардын координатору Илья аларга келген орусиялыктардын тагдыры ар кандай экенин айтат. Эки-үч күн жамгыр астында нымдуу чатырларда уктаса, чек арадан өткөң коркунучтардан дагы деле алыстап жатышат. Акыркы коноктордун бири буга чейин эки жумушка орношуп, үй ээлеринен бир бөлмөнү ижарага алган.

Дагы эки жигит — Дмитрий жана Даниил, алар 23 жана 24 жашта, Москванын колледждеринде программист катары билим алышкан, бирок алар мындан ары окуусун бүтүрө алышпайт. Алар учурда Алматыда курьер болуп иштеп, жан багып жатышат.

Казакстанда дагы бир жигит үй-бүлөлүк иштерин бүтүрүп, жакын арада үй жаныбарлары менен көчүп келе турган аялын күтүп жатат.

Жигиттер жумуш издөөдөн тышкары тоого чыгып, шаарды изилдеп, ошондой эле жергиликтүү мыйзамдарды окуп жатышат. Шаардагы турак жайдын баасы аларды таң калтырган.  Алматыда ижара акысы азыр Москва менен Санкт-Петербургга караганда кымбатыраак.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>