Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн эки жигит 50 миң сомдон алды

Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөн эки жигит 50 миң сомдон алды

Талас облусунда дарыгер кыздарга үйлөнгөн эки жигитке 50 миң сомдон берилди. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Буга чейин облус башчысы Бакытбек Нарбеков дарыгер кызга үйлөнгөн Талас облусунун тургунуна 50 миң сом сүйүнчү берүүнү убадалаган.

27-октябрда Бакытбек Нарбеков Манас районунун Май айылынын тургундары – жаш жубайлар Русланбек Нышаналиев менен кардиолог-дарыгер Айжан Акировага жана Исабек Акбердиев менен эндокринолог-дарыгер Мээрим Акуновага 50 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

Буга чейин, 12-июлда Чоң-Капка айылында баш кошкон жаш жубайлар Чыңгыз Айдаралиев менен невролог-дарыгер Назгүл Жолдубай кызына 50 миң сом сүйүнчү сертификаты тапшырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>