25-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +35°Cка чейин ысып, айрым жерлерде жаан жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 25-июлда түнкүсүн Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Мекеменин маалыматына ылайык:
- Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +30…+35°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +13…+18°C, күндүз +29…+34°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +16…+21°C, күндүз +31…+36°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +16…+21°C, күндүз +31…+36°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21°C, күндүз +31…+36°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15°C, күндүз +21…+26°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13°C, күндүз +23…+28°C.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +17…+19°C, эң жогоркусу күндүз +32…+34°C болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн +13…+15°C, эң жогоркусу күндүз +22…+24°C болот.