Аалымдардын сабатсыздыгы, дин, даават. Жапаров сөзү бурмаланганын айтты

Аалымдардын сабатсыздыгы, дин, даават. Жапаров сөзү бурмаланганын айтты

Президент анын сөзүн бурмалап, элге жаман көрсөтүүнү көздөгөн адамдар экенин айтты. Бул тууралуу Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Анын пикиринде, оппоненттери башка иштерден кыйкым таппай  дааватчылар жөнүндө сөзүн өзгөртүп жайылтууда.

«Муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийинген кийимдерин оңдойлу, башка өлкөлөрдүн салттарын сиңирбей, өзүбүздүн эле улуттук салттарды жайылталы, эң жок дегенде медресени бүткөн же ислам университетин аяктаган билимдүү балдарды дааватка чыгаралы деген сунушумду айттым», — дейт ал.

Президенттин айтымында, ага жогорку билими жок, кийими кир, сакалдары курсагына жеткен, сабатсыз дааватчылар боюнча арыз-даттануулар келип түшөт.

«Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. 90-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал муруттарын тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле. Ошондо элибиз да дааватчыларга ишенип, аларды кунт коюп угуп, ээрчийт эле», — дейт Садыр Жапаров.

Президент аалымдарга элди дин менен бирге илимге дагы чакырууну сунуштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>