Алмазбек Атамбаев абактагы шарттар тууралуу айтып берди

Алмазбек Атамбаев абактагы шарттар тууралуу айтып берди

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев “Новые лица” басылмасына берген маегинде абактагы шарттар тууралуу дагы айтып берген.

Анын айтымында, абактагы шарттар жаман эмес.

«Түрмө деген түрмө да. Эгерде бийликтеги адамдардан кимдир бирөөнө менин камерам жагып жатса, мен орун алмашууга даярмын. Буга чейин №47 түзөтүү абагында  кызматкерлер үчүн окуу классы болгон бөлмөдө жашадым.  Камактагы адамдар бөлмөнүн ичин ыңгайлуу кылганга жардам беришти. Жакындарым жана тарапташтарым керектүү буюмдарды алып келип беришти. №27 түзөтүү абагына баргым келген эмес, ошондуктан №8 абагына которуу боюнча арыз жазгам», — деп билдирген ал.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>