Карындашына болушуп токмок жеген өспүрүмдүн окуясын ИИМ көзөмөлдөйт

Карындашына болушуп токмок жеген өспүрүмдүн окуясын ИИМ көзөмөлдөйт

Нарын облусунда өспүрүмдүн сабалышы боюнча иликтөө иштерин Ички иштер министрлиги көзөмөлгө алды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Карындашын жактаган жаш жигиттин сабалышынын ачыкка чыгышын министрликтин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алат.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков окуянын себептерин тыкыр түшүнүп, жигитке карата ырайымсыз кылмыштын жасалышына кандай жагдайлар себеп болгонун аныктоону тапшырды.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

22-июнда кайрадан комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

«Окуя дыкат иликтенип жатат, кол салгандар мыйзам чегинде жазасын алышат», — деп жыйынтыктады Ички иштер министрлиги.

Буга чейин Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылында 22 жаштагы өспүрүм карындашын коргоого аракет кылганы үчүн бир нече адам тарабынан катуу сабалганын билдирген. Ал сабалган адамдын үй-бүлөсү акыйкаттыкка жете албай жатканын белгиледи. Кийинчерээк укук коргоочу Назгүл Турдубекова Ички иштер министрлигинин башчысына бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну суранган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>