Алмазбек Атамбаев ооруп калып, сот отуруму жылды

Алмазбек Атамбаев ооруп калып, сот отуруму жылды

Алмазбек Атамбаев ооруп калып, сот отуруму жылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаев жана бир катар адамдарды айыптоо боюнча жазык иши каралмак.

Бирок Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу соттук отурумду башка күнгө жылдырууну өтүнгөн. Буга байланыштуу соттук отурум 23-декабрга саат 14:00гө жылдырылган.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен чогуу «Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция», «Терек» сурма кениндеги коррупция», «Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу» деген үч эпизоддон турган кылмыш ишине байланыштуу айыпталууда.

Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти Жогорку сот 30-ноябрда кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>