6 айда 250 селде 17 адам каза болду. ӨКМ эскертүүлөргө көңүл бөлүнбөй жатканын айтты

6 айда 250 селде 17 адам каза болду. ӨКМ эскертүүлөргө көңүл бөлүнбөй жатканын айтты

Алты айда 250 сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы селге байланыштуу 36 кырсык катталган.

«Жыл башынан бери селдин саны 85 пайызга көбөйүп, каза болгондордун саны 17ге жетти», — дейт Азамат Мамбетов.

Ага климаттык өзгөрүү жана жаан-чачындын көбөйүшү себеп болууда. Аткаминер кырсыктардын көбөйүшүнө байланыштуу коопсуздук чараларын көрүүгө жана турак жайды камсыздандырууга чакырды.

«Абшыр-Ата эс алуу жайында 1400 жаран болгон. Ал жерде тапчандарды дарыянын үстүнө орнотуп алышкан. Жабыр тарткан үйлөрдүн экөө гана камсыздандырылган», — дейт министрдин орун басары.

Азамат Мамбетов ӨКМ ар бир кооптуу аймак боюнча алдын ала эскертүү берип тураарын белгилеп, ага жергиликтүү бийлик убагында чара көрбөй жаткандыгына арызданды.

«17 миң кооптуу аймак бар. Аларга дайым эскертүү беребиз. Жергиликтүү бийлик аны эске алып, тийиштүү иштерди жүргүзүшү керек. Андыктан күнөөнүн баарын ӨКМге жүктөгөн туура эмес», — дейт аткаминер.

ӨКМ 8-12-июлда аба ырайы бузулуп, нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөрүн маалымдады. Жарандарды сел коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>