Алты ымыркай чарчап калган: Төрөт үйү качан ачылары айтылды

Алты ымыркай чарчап калган: Төрөт үйү качан ачылары айтылды

Каракол шаарында быйыл 1-15-январь күндөрү алты ымыркай чарчап калган окуядан кийин дезинфекциялык иштерге жабылган Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү келерки аптада иштей баштайт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин кабарлангандай, төрөткана жабылгандан кийин төрөгөн жана төрөткө келген аялдар Ак-Суудага төрөт үйүнө жөнөтүлө баштаган. Учурда Караколдогу төрөт бөлүм ачыла элек.

«Дезинфекциялык иштер аяктагандан кийин, адистер текшерип, кайра иштеп баштаганга болот деген чечиминен соң төрөткана штаттык тартипте ишин улантат», — деп билдиришти министрликтен.

Ал эми ымыркайлардын өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн комиссия учурда ишин улантып, тиешелүү маалымкаттарды чогултууда. Келерки аптада аталган төрөтканада перинаталдык өлүмдү азайтуу боюнча штабдын көчмө жыйыны өтүп, анда аталган окуяга байланыштуу маселелер, кандай бузуулар болгону каралат.

«Ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча ыкчам штабда кандай бузуулар бар экени каралып, анын жыйынтыгы боюнча комиссия чечимин чыгарып, чаралар көрүлөт», — деп билдиришти мекемеден.

Министрликтен белгилешкендей, мындай окуялар кайталанбашы үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Буга чейин Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 1-январдан 15-январга чейин алты ымыркай чарчап калганы маалымдалган. Бул окуяларды териштирүү үчүн комиссия түзүлгөн.

Ошондой эле төрөт үйү дезинфекциялык иштерге жабылган. Бардык кош бойлуулар, төрөт үйүндөгү аялдар Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Оорукананын директору Мирбек Сагынбаев кызматынан убактылуу бошотулган.

Караколдогу төрөт үйүндө эки аптада 6 ымыркай чарчап калды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>