Караколдогу төрөт үйүндө эки аптада 6 ымыркай чарчап калды

Караколдогу төрөт үйүндө эки аптада 6 ымыркай чарчап калды

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө быйыл 1-январдан 15-январга чейин алты ымыркай чарчап калды. Бул туурадуу Саламаттык сактоо министрлигинен  билдиришти.

Маалымат караганда, 11-январда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү боюнча оперативдүү маалыматтарды чогултуу учурунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ымыркайлардын жана балдардын өлүмү боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо бөлүмү тарабынан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын чарчап калган учурлары аныкталган.

«Ага байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тез арада перинатология боюнча алдыңкы адистердин курамынан турган комиссия түзүп, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жөнөткөн. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө текшерүү менен келген комиссия беш учурду каттаган, перинаталдык өлүмдүн алтынчы учуру 15-январда болгон. Оорукананын директору Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулду», — деп билдирет министрлик.

Учурда комиссия тарабынан өлүмдүн бардык учурлары талданууда.

«Бул иштер ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча Ыкчам штабда жеринен каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт. Учурда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү дезинфекциялык иш-чараларга жабылды. Бардык кош бойлуулар жана төрөт учурундагы аялдар Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жөнөтүлүүдө. Бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар толугу менен камсыздалган», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>