Кемпир-Абад маселеси: Президент элге кечке чейин маалымат берет

Кемпир-Абад маселеси: Президент элге кечке чейин маалымат берет

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Садыр Жапаровдун Өзгөндөгү райондук акимчиликте Кемпир-Абад маселеси боюнча эл менен жолугушуусу тууралуу түшүндүрмө берди.

Ал билдиргендей, президент Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирген.

«Сыртта батпай калган элди, экинчи этап менен киргизип маалымат берип, суроолорго жооп берилет. Ал эми «киргизбей койду» деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат. Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле «кирбей калдык» деп социалдык байланыш тармагында түз эфирге чыгып жатканын белгилейбиз», — деди ал.

Президент менен бирге жолугушууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

«Эч кандай пикирлерге чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди», — деди ал.

Эскерте кетсек, коомчулукта «Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилди» деп айтылып жаткан маселе боюнча Өзгөндөгү райондук администрацияда президент Садыр Жапаров эл менен жолугушууда.

Ошол эле учурда имараттын алдында чогулган эл суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы экенин, жыйынга каалоочулардын баары кире албаганын, киргендердин басымдуу бөлүгү «атайын дайындалган» кишилер экенин айтышкан. Алар имараттын ичиндеги орун аз болгондуктан чогулушту көпчүлүктүн катышуусунда стадиондо өткөрүү керектигин билдиришкен. Ал эми акимчиликтин алдында турган милиция кызматкерлери имараттын жыйын залы толуп калгандыктан, кире албай калгандар кийинки топ менен киргизилерин кабарлашкан.

Ошол эле учурда эл чогулушка кирип жаткандардын телефондору алынып жатканын айтышкан. Администрациянын кире беришинде турган милиция кызматкеринин айтымында, телефондо жардыруучу каражат болушу мүмкүн болгондуктан, телефондор текшерилип, алынып калууда.

Кемпир-Абад маселеси: Садыр Жапаров Өзгөнгө барды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>