Маданият министринин милдетин аткаруучу жамаатка тааныштырылды

Маданият министринин милдетин аткаруучу жамаатка тааныштырылды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Максүтовду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Эдил Байсалов жаңы жетекчинин ишине ийгиликтерди каалап, заманбап тенденцияларды эске алуу менен ыкчам иштөө маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал өз сөзүндө, Министрлик мамлекеттин идеологиялык өзөгү болуп, маданият, маалымат, спорт, туризм, жаштар саясатын жана улуттар аралык мамилелерди жөнгө салган ири мамлекеттик мекеме экенин баса белгиледи.

Эске салсак, Алтынбек Максүтов президенттин жарлыгы менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>