Активист: Кардиолог Жекшеналиевди ооруканага которуу керектигин айтты

Активист: Кардиолог Жекшеналиевди ооруканага которуу керектигин айтты

Дарыгерлер камактагы активист Ырыс Жекшеналиевди ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатып, дарылануусу керектигин айтышууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жарандык активисит Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

Анын айтымында, учурда Жекшеналиев камерада кармалып, ден соолугуна кандайдыр бир арыздануу болгондо, Жаза аткаруу кызматынын медицина кызматкерлери дарыларды берип кетүүдө.

«Ооруканага которуша элек, которбай жатышат. Анын анализдери медицина кызматына өткөрүлүп берилген. Алар ооруканага жаткыруунун зарылчылыгы жок деген оюн айтышууда. Бирок кардиолог жана башка дарыгерлер Ырыс Жекшеналиев ооруканага жатып көрүнсүн деп айтышкан», — деди ал.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта камакка алынган.

Анын камалышы боюнча коомдук ишмерлер, саясатчылар жана Жогорку Кеңештин депутаттары билдирүү жасап, ал камактан чыгаруу керектигин белгилешкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>