• +(996) 550 201 406  
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРШАЙЛОО-2020

Алтынбек Сулайманов: “Бийликтен таза шайлоону талап кылабыз” – сүрөттөр

“Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Таза шайлоо” аттуу тазалык акциясынын жүрүшүндө билдирди.

“Бир Бол” партиясы үгүт иштерин “Тазалан” экологиялык акциясы менен баштап, айылдарды, шаарларды таштандыдан тазалаганбыз. Бүгүн дагы үгүт ишин “Таза шайлоо” экологиялык иш-чарасы менен жыйынтыктап жатабыз. Бир гана айлана-чөйрөнү эмес, мамлекеттик башкаруу системасын тазалоо – биздин негизги максатыбыз”,- деди партия лидери.

Ошондой эле А.Сулайманов эски системадан арылуу учур талабы экенин кошумчалады.

“Биз буюрса, шайлоодон өтүп келсек, эски системаны өзгөртөбүз. 4-октябрдан кийин мамлекетибизде тазалануу болот. Өлкөнү жаңылануу күтүп жатат. Биз бийликтен таза шайлоону талап кылабыз. Мыйзамдуу шайлоону талап кылабыз. Биз эл көксөгөн таза жашоону курууга даярбыз”,-деди Алтынбек Сулайманов.

Белгилей кетсек, Чоң Чүй каналынын жээгиндеги тазалык акциясына “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкерлер Алмамбет Шыкмаматов, Жодар Сайдилканов, Жоомарт Жолдошев, Эсен Момункулов, Айжан Чыныбаева, Акан Иманов, Екатерина Филаретова, Нурсултан Кубанов катышып жатат.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *